Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    13.03.2022, 03:19

    Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-февраль айларына карата 47 миллиарддан ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

    Бул өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 1,5 пайызга төмөндөдү, буга себеп химиялык продукциялардын (11, 0 пайызга), резина жана пластмастык буюмдар, башка метал эмес минералдык продуктар (9,0 пайызга), негизги металлдар жана даяр металлдык буюмдар, унаа жана жабдыктарды кошпогондо (1,4 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алынуучу урандыларды өндүрүү көлөмүнүн азайышына байланыштуу (1,6 пайызга).

    “Курулуш, айыл чарба, дүң жана чекене соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта - 1,9 пайызга, айыл чарбасында – 2,0 пайызга жогорулап, дүң жана чекене соода жүгүртүүдө 6,3 пайызды түздү”,- деп айтылат билдирүүдө.


    Читать похожее