Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

25.12.2023, 05:45

Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 миң 354 сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%, бирок 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес жогорулаган.

“Көбөйтүү үчүн 3,9 млрд сом каралган. Ал эми пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 миң 354 сомду түзүп, мурункуга салыштырмалуу орточо эсеп менен 1 миң 692 сомго көбөйдү”, - деди ал.

Ошондой эле, ал өлкөдө 400дөн ашык жаран 50 миң сомдон ашык пенсия аларын кошумчалады.


Читать похожее

  • 24.12.2023, 23:45:50