Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

15.01.2024, 06:55

2023-жылы өлкөдө орточо жашоо минимуму 7 миң 681 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 7%га көтөрүлдү.

“Эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимуму айына 8 миң 579 сомду, пенсия курагындагылардыкы 6 миң 816 сомду, балдардыкы 6 миң 544 сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, 2023-жылы жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда – 7 миң 931 сом, ал эми эң төмөнкү жашоо минимуму Талас облусунда – 7 миң 130 сом болгон.


Читать похожее

  • 15.03.2024, 04:31:32
  • 18.02.2024, 21:20:30
  • 15.01.2024, 00:55:45
  • 13.12.2023, 04:24:08