Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.07.2024, 05:20

2024-жылдын экинчи кварталында республика боюнча калктын жан башына жашоо минимумунун орточо баасы 8 миң 144,34 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат.

Эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимуму айына 9124,70 сомду, пенсия курагындагылар үчүн – 7251,76 сомду, балдар үчүн – 6892,95 сомду түздү.

Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында – 8346,76 сом, эң төмөнкүсү Чүй облусунда – 7645,95 сом экендиги айтылды.


Читать похожее

  • 11.07.2024, 23:20:28
  • 05.05.2020, 22:45:52