Опубликовано
28.04.2023, 06:30“Sky Industrial Group” компаниясы диверсификацияланган өндүрүш ишканасы экологиялык көйгөйлөрдү чечүү максатында тазалоочу курулмалардын бардык түрлөрүн чыгарган “Тунук” долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Рахат Жунушбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, бул долбоор Кыргызстандын экологиясына абдан пайдалуу. “Тунук” долбоору тазалоочу курулмалардын бардык түрлөрүн өндүрүү менен алектенет. Ошондой эле Түштүк Кореянын эң акыркы технологияларын колдонуу менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бир катар кызматтарды көрсөтөт.
“Айлана-чөйрөнү коргоого багытталган жаңы “Тунук” долбоорубузду сиздерге сунуштайм. Саркынды сууларды тазалоо жана аларды табигый суу объектилерине коопсуз агызууну камсыз кылуу үчүн заманбап жабдууларды чыгарууну ишке киргиздик”, - дейт Жунушбаева.
Белгилей кетсек, жакынкы аралыкта бул долбоор кеңири масштабда таанытылат.