Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

22.02.2024, 09:00

Кыргызстанда төлөнбөгөн алименттердин жалпы суммасы 10 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинен билдиришти.

Белгиленгендей, 2023-жылы Кыргызстанда балдарына алиментти атасы же энеси төлөбөй жатканын айтып, сотко арыздангандардын саны 41 миңден ашкан.

Ал эми 2022-жылы мындай ата-энелердин саны 39 миң 655 адамды түзгөн. 2023-жылы алимент ала албай, арыз жазгандардын жалпы саны 41 миң 482 киши болгон. Алардын ичинен 3013 киши сотко жазган арызын кайра артка кайтарып алган.


Читать похожее

  • 29.02.2024, 21:05:12
  • 22.02.2024, 03:00:20
  • 05.12.2023, 05:42:00
  • 16.03.2020, 01:30:46