Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    28.04.2022, 03:58

    Кыргызстанда токой экосистемаларын өнүктүрүүгө жана республиканын жер ресурстарын, анын ичинде жайыттарды жакшыртууга 30 млн доллар жумшалат. Бул тууралуу кечээ, 27-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов “Кыргызстанда токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)” долбоорун ишке ашырууга байланышкан макулдашуунун долбоору талкууланып жатканда билдирди.

    Шерипов белгилегендей, аталган долбоордук макулдашууга токойлорго жана жайыт жерлерине климаттык инвестицияларга колдоо көрсөтүү жолу менен көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу максатында кол коюлган. Долбоордук макулдашууну ишке ашыруу токой экосистемаларын өнүктүрүүгө жана республиканын жер ресурстарын, анын ичинде жайыттарды жакшыртууга багытталган.

    “2019-жылдын ноябрь айында Жашыл климаттык фонду тарабынан грант түрүндөгү 29,9 млн долларлык “Кыргызстанда токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” долбоору жактырылган. Ал эми долбоордун аткаруу мөөнөтү 8 жыл деп белгиленген”,- деди ал.

    Долбоор Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Өзгөн жана Сузак райондорунун жайыт жана токой ресурстарын пайдалануучуларына багытталган.

    Белгилей кетсек, талкуудан соң мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


    Читать похожее

    • 18.03.2024, 23:55:32
    • 27.04.2022, 21:58:30