Опубликовано
09.08.2023, 06:21Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн тышка ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу фермердик чарбалардын ишине оң таасирин тийгизет. Ички рынокто чөптүн жана башка тоют өсүмдүктөрүнүн тартыштыгына жана баанын өсүшүн алдын алат, бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна да таасирин тийгизет.
“Акыркы жылдарда Кыргызстанда 1 шарттуу малдан орточо эсеп менен 7,0-8,0 центнерге жакын тоют бирдиги алынууда, бул зоотехникалык нормалардын 50%ын түзөт, ал эми, тоют бирдиктеринин жетишсиздигин дыйкандар жайыттарды тоюттандыруунун эсебинен толтурууда, б.а. жайыттарды пайдалануу. 2023-жылдын аягына карата тоют өндүрүү божомолу республика боюнча 3885,3 миң тоннаны түзөт”, - деп айтылат маалыматта.
Убактылуу тыюу салынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеси: