Опубликовано
13.04.2022, 08:46Кыргызстанда кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринен жабыр тарткан жарандардын саны 139ду түзүп, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 66 млн 641 миң сом болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин “Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 11 млн сомду түзөт. Кооперативдин шектелген директору абакка камалган.
Ош шаарынын “Ордо-Мурас” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 17 кылмыш иши козголуп, учурда кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүшү Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен токтотулган.
“Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча бир кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 16 млн сомдон ашык. Арыз менен 30 жаран кайрылган. Тиешелүү эскпертизалар дайындалды.
Ошондой эле ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан “S-Line” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенип жатат. 40 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 35 млн 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган.
Андан сырткары, “Ихсан Групп ЛТД” коопертивинин ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Жарандарга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы такталууда.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын үч айында кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголгон.