Опубликовано
17.04.2022, 03:32Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча министрлик менен IFC ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.
"Долбоордун негизги максаты - чакан жана орто ишканалардын туруктуулугун жогорулатуу, COVID-19 кризисинен кийин туризм секторун калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү, ошондой эле санариптик инфраструктурада чакан жана орто бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жолугушууга долбоордун командасынын алкагында – Борбордук Азиядагы консалтинг долбоорлору боюнча IFC программасынын координатору Тарик Шахович, КРнын жеке секторун өнүктүрүү боюнча IFC долбоорунун жетекчиси Сыйнат Арынова, бизнести жөнгө салуу боюнча адис Имелдин Радаслич, укуктук маселелер боюнча консультант Наталья Долинская жана Бизнес саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.