Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

28.08.2023, 08:06

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-июль айларында 1 млрд 516 млн 437,1 миң сомго кийим өндүрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Маалыматка ылайык, былтыр ушул мезгил аралыгында Кыргызстанда кийим тигүү өндүрүшүнүн көлөмү 1 млрд 119 млн 705,3 миң сомду түзгөн.

Белгилеп кетсек, 2023-жылдын жети айында физикалык көлөмдүн индекси 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 111,6 % түздү.

"Быйыл июль айында кийим тигүү өндүрүшүнүн көлөмү 168 млн 774,6 миң сомду түзүп, 2022-жылдын июль айындагы өндүрүмдүн көлөмүнө (99 млн 706,3 миң сомго) салыштырмалуу 69 млн сомго көбөйгөн", - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее