Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

23.07.2024, 03:20

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-май айларында 299,3 млн даана жумуртка өндүрүлгөн, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,3%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.

Белгиленгендей, бул аралыкта айыл чарба ишканалары Кыргызстанда жумуртканын негизги өндүрүүчүсү болгон, (өткөн жылга салыштырмалуу 22,3% өскөн), фермердик чарбалар жумуртка продукциясын чыгарууну 6,7%га, 86,1 млн даанага көбөйткөн.

Ушундай эле тенденция Орусияда байкалып, чарбалар өндүрүштү 6,6% көбөйткөн.

Бирок Кыргызстанда жана Арменияда үй чарбаларында жумуртка өндүрүү азайган. Биздин өлкөдө 9,3%, Арменияда 27,9% төмөндөгөн.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБде 22,5 млн даана жумуртка өндүрүлгөн.


Читать похожее

  • 22.07.2024, 21:20:43
  • 10.05.2024, 00:22:29
  • 23.03.2022, 00:40:51
  • 26.03.2021, 04:20:30