Опубликовано
22.07.2024, 05:502024-жылдын 1-июлуна карата иш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 81,5 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат.
2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 17,8%га аз, анын ичинен 58,2 миң адам жумушсуз катталган же 22,2% аз.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 45,2%ын аялдар түздү. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,1%ды түздү.