Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

21.03.2022, 03:28

Айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн сыртка алып чыгууга (экспорт) убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Алты айлык мөөнөткө экспортко убактылуу тыюу салынган азык-түлүктөр (буга реэкспорт, транзиттик, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардам кошулбайт:

  • ЕАЭБ аймагынан тыш буудай жана меслин, буудай уну, өсүмдүк майы, күнкарама уруктары, кумшекер, тооктун жумурткасы, инкубациялоо үчүн жумурткалар;
  • Кыргызстандын аймагынан тыш бодо малдын эти (жаңы же муздатылган, тоңдурулган), тоют (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоюту), арпа, сулуну экспорттоого тыюу салынды.

Читать похожее

  • 20.03.2022, 21:28:50
  • 28.07.2020, 01:30:07
  • 29.05.2020, 01:15:35