Опубликовано
05.08.2024, 07:112024-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстанга кыргызстандык 385 жаран коммерциялык максатта барган. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, коңшу Өзбекстанга алты айда коммерциялык максатта 65 миң чет элдик жаран барган. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42 миң адамга же 2,8 эсеге өскөн.
Белгиленгендей, жарым жылда Өзбекстанга түркмөнстандык — 37 миң 942 жаран, тажикстандык — 21 миң 451 жаран, афганистандык — 1 миң 569 жаран, индиялык — 581 жаран коммерциялык максатта барган.