akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    03.06.2024, 04:10

    Россельхознадзор Кыргызстандагы төрт балык заводуна жана үч сүттү кайра иштетүүчү ишканага чектөөлөрдү алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, бул компаниялар орусиялык адистер тарабынан мурда аныкталган бардык мыйзам бузууларды жоюшкан.

    "Россельхознадзордун жетекчиси кесиптештеринин көңүлүн товарларды көзөмөлдөөдө, аларды лабораториялык контролдоодо жана башка аспектилерде натыйжалуулукту жогорулатуу зарылдыгына бурду", - деп айтылат маалыматта.

    Кыргызстандан Орусияга өз продукцияларын жеткирүү укугуна ээ болгон ишканаларынын жалпы саны – 10 балыкты кайра иштетүүчү ишкана жана сүттү кайра иштетүүчү 7 ишкана.


    Читать похожее

    • 02.06.2024, 22:10:19