Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

26.02.2024, 07:49

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылык сапардын баасын 3 миң 750 доллар деп белгиледи. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, зыяратчылар акчаны 27-февралдан 4-мартка чейин төлөшү керек.

Буга чейин зыяратчылар “РСК банкка” 2 миң доллар салышса, эми калган 1 миң 750 долларды салышы керек.

Эске салсак, быйыл Сауд Арабиясы 2024-жылкы ажылыкка Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн.


Читать похожее

  • 26.02.2024, 01:49:59
  • 02.11.2023, 21:40:07