Опубликовано
31.08.2023, 05:30Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Heidelberg Materials Lietuva Betonas” ЖАКтын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.
Маалыматка ылайык, эми тараптар ЕБ өлкөлөрүндө билим берүү жана ишке орноштуруу үчүн адистерди тандоо жана даярдоо боюнча кызматташат.
Меморандумга Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин демилгеси менен кол коюлган.
Кошумчалай кетсек, “Heidelberg Materials Lietuva Betonas” Литвадагы цемент, бетон жана инерттүү материалдарды өндүрүү боюнча германиялык концерндин өкүлчүлүгү болуп саналат.