Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    20.10.2023, 09:09

    Кыргызстандын 2024-жылга республикалык бюджети 600,7 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев 2024-жылга республикалык бюджет жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору боюнча баяндамасында билдирди.

    Анын айтымында, бул максаттарды аткаруу үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар улантылат.

    Биринчиден, Салык жана Бажы кызматтары санарипке өтүп, маркировкаланган товарлардын тизмеси көбөйтүлүп, контролдук-кассалык машиналар толугу менен этап-этабы менен ишке киргизилет.

    “Ошондой эле, кэшбэк механизми киргизилет. Бул жарандарды накталай квитанцияларды талап кылууга түрткү берет. Калктын салык салынуучу кирешелерин көзөмөлдөөнү колдонуу менен жалпы декларациялоо принциптерине өтүү каралууда”, - дейт Бакетаев.


    Читать похожее