Опубликовано
29.10.2020, 11:12Учурда Кыргызстандын бюджетинде ишкерликти колдоо үчүн мындан ары каражат каралган эмес. Бул тууралуу Финансы министри Кыялбек Мукашев бүгүн, 29-октябрда Өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын маалыматына ылайык, 14 миллиард сомдун 2,6 миллиард сомун министрлик бөлүп берди.
[news 27490]
«Калган 11 миллиард сомду убада кылынгандай донорлор каржылашы керек болчу. Азыр ушул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. 11 миллиард сом болбосо дагы, жылдын аягына чейин 7-8 миллиард сом табууга аракет кылабыз», - деди Мукашев.
Эскерте кетсек, буга чейин экс-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт ишкерликке насыя берүүгө 14 миллиард сом бөлгөнүн жарыялаган болчу.