akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.11.2020, 09:00

    Кыргызстандын Евразия экономикалык бирикмеден сырткары, үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү үстүбүздөгү жылдын сегиз айында 2 млрд 37.6 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.

    [news 29841]

    Анын ичинен экспорттун көлөмү 935.5 млн долларды, импорт — 1 млрд 102.1 млн долларды түзгөн.

    Белгилей кетүүчү нерсе, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде Кыргызстан экспорттун көлөмүн 16.9% көп аткарган, ушул эле уурда импорт 41.2% төмөндөгөн.

    Кошумчалай кетсек, ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү бул убакыт аралыгында 389.5 млрд долларды түгөн. Бул учурда товарлардын экспорту – 228.6 млрд долларды, импорт – 160.9 долларды түзгөн. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу соода жүгүртүү 18.1% же 85.9 млрд долларга төмөндөгөн.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 23:00:14
    • 28.07.2024, 22:10:13
    • 21.07.2024, 21:45:09
    • 12.07.2024, 05:33:00