Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    26.02.2022, 06:44

    Өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

    Анын айтымында, 2021-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,4 млрд долларды түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 40,5%га өскөн.

    "Өткөн жылы республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга – 66,7% жана Казакстанга – 30,9% туура келген", - деди ал.


    Читать похожее