Akchabarsearch

    Опубликовано

    12.03.2022, 05:21

    Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь айына карата 660,5 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

    Бул 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу 1,8 эсе көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 18,1 пайызга жогорулады, импорттук келип түшүүлөр 2 эсе жогорулады.

    Белгилей кетсек, Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь айына карата 265, 0 млн. АКШ долларын түзп жана 2021-жылдын январь айына салыштырганда 1,5 эсе өскөн.


    Читать похожее