Опубликовано
24.10.2023, 04:00Кыргызстандын Түрк инвестициялык фондундагы үлүшү 70 млн долларды түзөт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Комитет Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап, жактырды. Бирок кайсы окууда жактырылганы айтылган эмес.
Мыйзам долбоорун экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов тааныштырды. Анын айтымында, фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүндөгү приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналат.
"Фонддун уставдык капиталы 500 млн долларды түзөт, ошол эле учурда Кыргызстандын үлүшү болгону 70 млн долларды түзүп, үч жыл мамлекеттик бюджеттен төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.
Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Мындан тышкары Венгрия байкоочу ролун ойнойт жана акыркы чечимдерге ылайык, Түркмөнстан да бул статуска ээ.