Опубликовано
11.03.2022, 08:28Кыргызстандын Улуттук павильону ушул күндөрү Катардын Доха шаарында өтүп жаткан “AGRITEQ-2022” Эл аралык көргөзмөсүндө ишин баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстандын Катардагы Элчилигинин уюштуруучулук колдоосу жана Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин коштоосу менен кыргыз компаниялары Катарга тамак-аш өнөр жай жана айыл-чарба продукцияларын алып келишти.
Көргөзмөнүн ачылышында, кыргыз павильонун Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана курчап турган чөйрөнү коргоо министри Абдулла бин Абдулазиз бин Турки Аль-Субае, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, ошондой эле мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү ж.б. келип көрүп кетишти.
“Көргөзмөнүн жүрүшүндө кыргыз компанияларынын Катардын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулары пландаштырылган”,- деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, аталган көргөзмө жыл сайын өткөрүлүп, айыл чарба жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы заманбап жетишкендиктер жана технологиялар менен таанышуу үчүн мыкты аянтча болуп саналат. Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында айыл чарба тармагындагы инновациялар, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ар кандай конференциялар, презентациялар жана потенциалдуу өнөктөштөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.