Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    15.08.2023, 04:16

    Июнь айында эмгек мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары дээрлик эки эсеге кыскарган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, акча которуулардын суммасы 163,5 млн долларды түздү (2022-жылы 317,2 млн доллар түшкөн).

    Каражаттын негизги агымы Орусиядан келген, ал болжолдуу 91%ды түзөт. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 51%га азайган. Ал эми КМШнын башка өлкөлөрүнөн 0,5 млн доллар келген.

    Жалпысынан январь айынан июнь айына чейин республикага акча которуу системалары аркылуу 961,43 млн доллар түшкөн. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,6% аз (1 млрд 347,5 млн доллар).


    Читать похожее