
Опубликовано
04.04.2023, 03:40Быйыл биринчи кварталда өлкөгө мамлекеттик колдоо аркылуу жалпысынан 87 техника алынып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде 34 трактор, 3 кайра иштетүүчү жабдуулар, 12 айыл чарба машиналары, 38 атайын жабдуулар алынып келинген.
Техникалар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Беларусь, Орусия, Түркия, Кытай, Германия жана башка өлкөлөрдөн алынып келинген.



