Опубликовано
24.09.2020, 05:15Кыргызстанга которулган каражаттардын көлөмү мезгил-мезгили менен төмөндөп жатат. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.
[news 28277]
Анын айтымында, бул Россиядагы экономиканын солгундашы менен байланыштуу. Акыркы маалыматтарга ылайык, январдан августка чейин Орусиядагы экономикалык өсүү - 4.3% гана түзгөн.
«Январь-июлда физикалык жактардан түшкөн каражаттын көлөмү 1 млрд 225.3 млн долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 9.3% төмөн», — деп маалымдады ал.