Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

15.12.2020, 10:00

COVID-19 менен ооругандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кытайдын чек ара аймактарында, Казакстандан келүүчү транспорт каражаттарына кошумча чектөөлөрдү киргизүү тууралуу өлкөнүн бийлиги чечим кабыл алды. Бул тууралуу Trans.info порталы билдирди.

[news 30879]

«Хоргос» жана «Алашанькоу» өткөрүү пунктары аркылуу азык-түлүк товарларын алып өтүүгө толугу менен тыюу салынды.

Белгиленгендей, өткөрүү пунктан өтүүчү автоунаалардын чеги 20га чейин төмөндөтүлгөн. Андан сырткары, Кытайдан жүк алуу үчүн бара турган автоунаалар 3 сааттын ичинде өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсү керек.

Өз кезегинде Казакстан чек арадагы бул чектөлөр боюнча Кытайга нота жиберген .

Азыркы учурда бул боюнча Кытай тарап официалдуу түрдө жооп бере элек.