Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.04.2020, 08:00

    Кытайдын ИДПсы 6.8% төмөндөдү. Бул 1992-жылдан бери катталган алгачкы рекорддук кыскаруу. Бул тууралуу Reuters порталы билдирди.

    [news 23243]

    Кытайдын Улуттук статистика бюросунун берген маалыматына ылайык, алдын-ала берилген баа боюнча Кытайдын ИДПсы 2020-жылдын I кварталында 2.9 трлн $ түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6.8% аз. Экономиканын биринчи секторундагы кошулган баа 143.8 млрд $ түзүп, 3.2% аз болгон. Экинчи сектордо - 1.04 трлн $ түзүп, 9.6% аз, кызматтар тармагы - 1.7 трлн $ түзүп, 5.2% төмөндөгөн.

    Эң көп жабыр тарткан тармак - өнөр-жай өндүрүшү, чекене соода жана башкы капиталга болгон инвестиция. 2020-жылдын январь-февраль айындагы -20.5% рекорддук төмөөндөөдөн кийин, чекене соода 15.8%, башкы капиталга болгон инвечтиция 16.1 % төмөндөгөн.


    Читать похожее

    • 11.08.2024, 22:21:57
    • 10.07.2024, 02:55:55
    • 09.05.2024, 04:10:00
    • 25.04.2024, 02:13:17