akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    27.04.2022, 05:15

    Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтому менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча бир катар ченемдер кабыл алынды.

    Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бекитилген ченемдер салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү жана салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү алкагында ККМди колдонуу эрежелерин өркүндөтөт.

    Көрсөтүлгөн токтом менен төмөнкүлөр бекитилди:

    – ККМди каттоо жана колдонуу тартиби;

    – өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмеси;

    – ККМге карата техникалык корутунду берүү жана ККМдин реестрин түзүү тартиби;

    – ККМди пайдалануунун типтүү эрежелери;

    – фискалдык маалыматтардын операторуна жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар.

    Ошондой эле төмөнкүлөр белгиленди:

    – Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 156 токтомун ишке ашыруунун алкагында Салык кызматынын маалыматтык системасында катталган контролдук-кассалык машиналар 2022-жылдын 1-январынан тартып техникалык талаптарды сактоо жол-жобосунан өтпөстөн субъекттер тарабынан колдонулууга жатат.

    Мында аппараттык ККМдын маалыматтары субъектке же андан кийин субъектке сатуу үчүн башка жакка сатууга чейин техникалык талаптарга ылайык жол-жоболордон өтүүгө тийиш;

    – 2022-жылдын 1-майынан тартып Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар ККМге карата жаңы техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ каттоодон өткөрүлбөйт;

    – 2022-жылдын 1-августунан тартып МСКга берилген кассалык чектерде милдеттүү тартипте товарлардын идентификациялоочу каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) чагылдырылууга тийиш;

    – мурда МСКнын системаларында катталган ККМди колдонуучу субъекттер 2022-жылдын 31-декабрына чейин аларды колдонууга укуктуу.

    – алдын ала төлөө (аванс) жана кийин төлөө (кредит) сыяктуу эсептешүүнүн түрлөрү менен кассалык эсептешүү операцияларын аткаруу боюнча субъектке жана ККМге карата талаптар 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

    Мындан тышкары, соода (вендинг) автоматтарында жана кызмат көрсөтүү автоматтарында автоматтык окууга жарактуу кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө контролдук-кассалык чекти түзүү жана берүү мүмкүнчүлүгү бар ККМ орнотулушу керек.

    Ошондой эле сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти бербестен субъекттин ишин автоматташтырууга арналган программалык камсыздоону жана/же программалык-аппараттык комплекстерди колдонуу менен басылып чыккан товардык чектерди берүүгө тыюу салынат.


    Читать похожее