Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

09.10.2023, 04:00

12-октябрда Бишкекте эртең мененден тарта кечки саат 00.00гө чейин электр самокаттары ижарага берилбейт. Мындай чектөө КМШ саммитинин өтүшүнө байланыштуу. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, бул иш-чараларды Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов, №12 МТУ, “Arenda Service”, “Togo.kg”, “Apricot”, “E-motion”, "Promo Express", " Sunrent" электр самокат ээлери талкуулашты.

Мындан улам, шаарда самокат тепкендерге тыюу салынат.

Эскерте кетсек, 12-13-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын Бишкек шаарында жана Чүй облусунда боло турган жолугушууларында унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.


Читать похожее