Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    16.08.2023, 08:34

    Бишкекте жаңы Ак үйдү салып жаткан компанияга борбор калаадан дээрлик 26 гектар жер берилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

    Тиешелүү токтомго 4-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

    Ага ылайык, президенттин администрациясы үчүн жаңы имарат куруп жаткан "Иншаат строй билдинг" компаниясына А.Масалиев көчөсү 22 дарегиндеги 18,18 га, А.Токтоналиев 165 дарегиндеги 4,88 га жана А.Токомбаев 1/9 дарегиндеги 2,71 га жер берилет.

    "Аталган жерлер компанияга президенттин администрациясынын имаратын салганы үчүн акы катары берилет".

    Ошондой эле, президенттин иш башкармалыгына аталган жерлердин базар баасын аныктоо тапшырылган. Анын жыйынтыгы менен, эгер, бериле турган жерлердин баасы курулуш иштеринен кымбат болсо, компания ортодогу айырманы кайтарып бериши керек болот. Эгер курулуш иштеринин баасы бериле турган жерлерден кымбат болсо, компанияга ортодогу айырма төлөнөт.


    Читать похожее