Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

03.02.2021, 11:25

Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралып, жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

[news 32126]

Жыйын учурунда бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, жаңы өкмөттүн түзүмүнө, курамына байланышкан сунуштар берилди.

Кабыл алынган өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүчө:

- Марипов Улукбек Асамидинович - Кыргыз Республикасынын премьер-министри;

- Новиков Артём Эдуардович- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

- Кармышаков Улукбек Тойчуевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри - вице-премьер-министри;

- Асанкулов Жеңиш Асанкулович - өкмөттүн аппаратынын жетекчиси - министри;

- Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович (президент менен макулдашуу боюнча) - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

- Казакбаев Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

- Чынбаева Асель Рыспековна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;

- Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

- Иманалиев Кайрат Олжобаевич - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

- Ажикеев Бообек Эргешович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

- Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

- Абдралиева Гулмира Курманбековна - Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;

- Турдубаев Кубанычбек Апышевич - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

- Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич (президент менен макулдашуу боюнча) - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;


Читать похожее

  • 30.06.2024, 21:40:12
  • 22.05.2024, 23:45:20
  • 08.04.2024, 03:31:26
  • 06.03.2024, 00:20:39