Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

18.05.2023, 10:25

Жалал-Абаддагы Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында 57 млн. сомго төрөт үй курулду. Ал 50 орунга ылайыкталган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрөт үйдүн курулушуна Кочкор-Ата шаарынын бюджетинен 37 млн. сом жана Каржы министрлигинен 20 млн. сом бөлүнгөн.

Курулуш иштери 2021-жылы башталып, аны Ноокен районунун өнүктүрүү фонду ишке ашырды. Бүгүнкү күндө курулуш бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Төрөт үйү Кочкор-Ата, Момбеков, Бүргөндү жана Достук айыл аймактарына кызмат көрсөтөт.


Читать похожее