Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

05.04.2024, 03:15

Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, архитектура жана кадастрынын жооптуу кызматкерлери жеке жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1996-жылдан 2015-жылга чейин шаардын борбордук көчөлөрүндөгү жер тилкелери коммерциялык объектилер үчүн мыйзамсыз берилген.

Кочкор-Ата шаарынын 1986 жана 2021-жылдары бекитилген башкы планы боюнча Пионер көчөсүнөн Ош - Бишкек жолуна баруучу жол болгон. Ошондой эле, Октябрь көчөсүнөн Гагарин - Токтогул көчөсүнө баруучу жол болгон.

Учурда аталган көчөлөрдө 41 соода павильону мыйзамсыз иштеп, тынымсыз тыгын жаратууда.

Аталган фактылардын негизинде 2-апрель күнү Ноокен районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин адиси О.Д.Ы кармалган. Ал УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды. Тергөө иштери уланууда.


Читать похожее

  • 18.08.2024, 22:00:33
  • 04.04.2024, 21:15:42
  • 18.03.2024, 03:35:30
  • 06.03.2022, 23:35:00