Опубликовано
17.06.2024, 03:17Кочкор районунун Кара-Тоо айылында Абдылдаев Шарыпбек атындагы 275 орундуу мектеп ачылды. Имараттын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, курулушка дээрлик 80 млн сом сарпталган.
Андан соң Минкаб башчысы Кочкор районунун Кочкор айылындагы 500 орундуу И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиянын жаңы имаратынын курулушун жана Жаңы-Жол айылындагы спорт комплекстин курулушун баштоого мезгил кутучасын салды.