Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

06.04.2023, 06:53

Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов жана Корея эл аралык кызматташтык агенттиги KOICA директору Ли Джонгсу менен биргеликте Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан жана пландалган долбоорлорду талкуулашты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Жыйында эки тарап мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана дата-борборлорду куруу, электр транспортун өнүктүрүү, айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууну, адам ресурстарын өнүктүрүү, ыктыярчылык программаларын талкуулады.

KOICA директору Ли Джонгсу климат жана жашыл экономика маселелери да учурда Корея тарап үчүн кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары экенин баса белгиледи.

“Жогорку Кеңешти санариптештирүү, электр энергиясын жана айыл чарбасын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы боюнча ишке аша турган 2023-24-жылдарга пландаштырылган долбоорлорго да токтолушту”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга үмүт артып, кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.


Читать похожее