
Опубликовано
31.10.2023, 04:33Бүгүн Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жабдууларды тапшырды.
Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 56 млн 67 миң сомду түзгөн жабдуулар агенттиктин “Өнүктүрүү кызматташтыгы аркылуу COVID-19га туруктуулукту жогорулатуу” ABC программасынын алкагында берилген.
Иш-чарага Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Улуттук хирургия борборунун директору Канат Мамакеев Канат жана KOICAнын директору Ли Джонгсу катышты.
KOICA менен Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы бул кызматташуу туштүк Корея өкмөтүнүн COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө өнөктөш өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган “Ишенимдүүлүктү бекемдөө” стратегиясынын алкагында ишке ашырылды.



