Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

09.09.2020, 09:00

4-сентябрга карата республикадагы коммерциялык банктар тарабынан «Ишкердик субъектилерди каржылоо» программасы аркылуу 1 млрд 348 млн 605 миң сом жеңилдетилген насыя беришкен. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги маалымдады.

[news 27860]

Эске сала кетсек, бул программанын алкагында 10 коммерциялык банктарга 1 млрд 435 млн сом бөлүнгөн.

«Программанын шартына жана финансы министрлиги жана коммерциялык банктардын ортосунда түзүлгөн жобого ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында биринчи трашты иштеп чыгуу мөөнөтү аяктайт. Эгерде тийиштүү мөөнөткө чейин калган каражаттар иштетилбесе банктар кайрадан кайтарып берүүгө тийиштүү», — деп билдиришти министрликтен.

Муну менен катар финансы-насыя уюмдар 86 млн 395 млн сом боюнча дагы отчет берүулөрү керек.

Эске сала кетсек, жеңилдетилген насыяларды 968 ишкер алган.


Читать похожее

  • 04.08.2024, 23:25:00
  • 28.07.2024, 21:25:55
  • 09.07.2024, 23:42:10
  • 27.05.2024, 21:45:44