Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    03.08.2023, 09:26

    Бишкекте 20-августтан тарта автобус жана троллейбустар жол акыны накталай албайт. Жол акысын төлөөдө айрым категориядагы жарандарга жеңилдиктер каралып, муниципалдык транспортто акысыз жүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, кызыл жеңилдик картасы акысыз чыгарылат. Ал төмөнкү жарандарга берилет:

    • Бишкек шаарында катталган жаш курагы боюнча пенсионерлер;
    • Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
    • “Кыргызпочтасы” ААК почтальондору.

    Кызыл картаны алуу үчүн иш күндөрү карта берүүчү пунктка барып (райондук акимиатка), ким экендигин тастыктаган, жеңилдиктер каралган картаны алууга укук берүүчү тиешелүү документти көрсөтүп, сүрөткө түшүү керек. Карта даяр болгондон кийин алуу үчүн кол коюу жетиштүү.

    “Тулпар” картасынын бардык түрлөрүнүн жарамдуулук мөөнөтү чектелген эмес.


    Читать похожее