Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

31.07.2023, 11:30

Бишкектеги коомдук транспорт жана аялдамалар майыптыгы бар жарандарга ылайыкталат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Транспорт департаментинин директору Токонов Айдарбек Бишкек шаарындагы "КОС и КОГ" коомдук бирикмесинин алдындагы азиздер жаштар баштапкы уюмунун төрагасы менен жолугушту.

“Жолугушууда көрүү боюнча майыптарга коомдук транспорттун каттамдары, аялдамага жакындаган каттамдын номери тууралуу, үн жана радио маалымдоону камсыздоо маселелери талкууланды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле коомдук транспортко тактильдик мнемотехникаларды орнотуу сунушталууда. Анын жардамы менен азиздер жана көрүүсү начар адамдар номерди, каттамды жана графикти биле алышат. Алар орнотулган үн маяк менен LED тактасы түрүндө болушу керек.

“Транспорт департаменти тарабынан коомдук транспорттун аялдамаларында аз мобилдүү калк үчүн жеткиликтүүлүк жана кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн иштер жүрүп жатат, бул үчүн аялдаманын айланасы күн сайын токтоп турган унаалардан бошотулат”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее