Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    03.03.2022, 04:29

    Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонжае мырза менен жолугушуп, тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эки тараптуу мамилелердин келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

    Амангшелдиев белгилегендей, Корея мамлекеттер ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери 30 жыл аралыгында Корея Эл аралык кызматташтык (KOICA) агенттиги жана биргелешкен долбоорлор аркылуу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу колдоо көрсөтүп келет.

    Жолугушуунун жүрүшүндө корей тарап министрлик тарабынан сунуштала турган жаңы долбоорлорду, анын ичинде айыл чарба, транспорт жана энергетика тармагында алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

    Тараптар 2021-жылдан бери Кыргызстан Корея Республикасынын артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн тизмесине киргендигин эске алуу менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга макулдашышты.


    Читать похожее