Опубликовано
01.06.2020, 05:00Кыргызстан COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн Корея Өкмөтү гуманитардык жардам иретинде 300 миң АКШ долларын бөлдү. Көрсөтүлгөн суммага ПЧР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
[news 24689]
Мындан тышкары Кореядагы Кыргыз Элчилиги аркылуу 31 миңге жакын АКШ доллары суммасында гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тесттер алынды.
29-майда, бул гуманитардык жардам Кореядан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилген.
Жалпысынан 26,950 ПЧР тесттери жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык комплектиси менен келди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Корея тарапка берилген гуманитардык жардам жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.