
Опубликовано
07.04.2023, 05:16"Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган адам ар кандай маселелерди чечип берем деген шылтоо менен өзүн мамлекеттик органдардын биринин кызматкери катары көрсөткөн. Ошондой эле, ал өзүнө ишенген жарандарды адаштырып, өзүнө пайда көрүү максатында Бишкек шаарынын бир жаранын опузалап 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
“Тергөөнүн жүрүшүндө Э.У.Т. буга чейин 200 000 сом өлчөмүндө пара алгандыгы жана кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 миң долларды талап кылгандыгы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



