Akchabarsearch
Источник фото: Zakon.kz

Опубликовано

25.09.2020, 04:00

Кыргызстанда кош бойлуулук, төрөт жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

[news 28277]

Маалыматка ылайык, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны - 22,3 миң адам, расымдык жөлөкпул – 1,8 миң адам.

Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 10 273,7 сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 3 423 сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы - 235,8 млн сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга - 229,6 млн сом жана расымдык жөлөкпулга - 6,2 млн сом сарпталган.


Читать похожее

  • 06.05.2024, 02:20:56
  • 26.02.2024, 04:55:22
  • 26.02.2024, 00:40:55
  • 07.02.2024, 21:27:51