Akchabarsearch
    Источник фото: Министрлер кабинети

    Опубликовано

    31.03.2022, 05:26

    Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Дубайда өтүп жаткан Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) тобунун төрагасы Мухаммад Сулейман Аль-Джасер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

    Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын февраль айында өткөн жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

    "Жолугушууда Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы жана инфраструктураны өнүктүрүү, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана жеке секторду колдоо сыяктуу түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды", - деп айтылат билдирүүдө.

    Кожошев белгилегендей, Ислам өнүктүрүү банкы ата мекендик экономиканы чыңдоого жана элдин жыргалчылыгын жогорулатууга чоң салым кошууда.

    Өз кезегинде финансы-кредиттик мекеменин төрагасы Кыргызстан менен мындан ары ийгиликтүү кызматташууга жана банктын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго катышуусуна ишенимин билдирди.


    Читать похожее