Akchabarsearch
    Источник фото: Министрлер кабинети

    Опубликовано

    24.04.2022, 07:29

    "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

    Жолугушууда тараптар аталган өткөрүү пунктунун иши менен жеринде таанышып, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жүк ташуучу унаалардын топтолушуна байланыштуу кырдаал жөнгө салынгандыгына күбө болушту.

    "Кожошев жана Султанов мурда жетишилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын белгилешти, ага ылайык, бир катар чаралар, атап айтканда, Кыргызстандын аймагынан жүк ташуучу транспорт каражаттарын ташылуучу товарларга электрондук эсеп-фактураларсыз чыгарууга тыюу салуу, ошондой эле Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө ташылып келе жаткан товарларга тийиштүү коштомо документтери бар жүк ташуучу унаа каражаттарына карата текшерүү жана контролдоо иш-чараларын жүргүзбөө сыяктуу чаралар кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.

    Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле «Ак-Тилек» (Кыргызстан) - «Карасу» (Казакстан) өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары бул долбоорду мындан ары илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишти.

    Белгилей кетсек, жумушчу кеңешменини алкагында тараптар Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелде Бишкекте өтүүчү кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга болуучу иш сапарына, ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасалуучу расмий сапарына карата даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.


    Читать похожее