Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

21.08.2020, 06:20

Дарыканалардан көп сандагы ашыкча дары-дармектерди сатып алуунун эч кажети жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

[news 27293]

«Урматтуу кыргызстандыктар, коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын экинчи толкунун күтүп, дарыканалардан көп сандагы ашыкча дары-дармектерди сатып алуунун эч кажети жок. :bangbang: Үй шартында дары-дармек каражаттарын туура эмес сактоо анын курамынын өзгөрүшүнө алып келиши ыктымал, кесепетинде ал дарыны ичүү натыйжасыз болуп же ден соолугуңузга зыян тийгизиши мүмкүн», - деп чакырды жарандарды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Ошондой эле жеке жактардын колунан дары-дармектерди сатып алуу сунушталбайт.


Читать похожее

  • 28.07.2024, 22:20:09
  • 16.05.2024, 01:51:48
  • 16.05.2024, 00:52:09
  • 16.04.2024, 00:20:53