Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

20.05.2020, 04:20

Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

[news 24345]

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Макулдашуунун максаты болуп Ош, Каракол шаарларында, Нарын облусунун айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда суу менен камсыздоо жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча чакан иш-чараларды каржылоо саналат.

Макулдашууну ишке ашыруу үчүн финансы каражаттары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 10 млн АКШ доллар суммасында грант түрүндө берилет.


Читать похожее

  • 15.08.2024, 21:25:52
  • 16.07.2024, 22:20:34
  • 28.06.2024, 00:41:05
  • 08.04.2024, 22:45:22